Жайкы Азия оюндарында коло медалды утуп алган кыргыз дзюдочусу Владимир Золоев дүйнөлүк рейтингде 36-орунга көтөрүлдү

Дүйнөлүк дзюдо федерациясы Индонезияда өткөн Жайкы Азия оюндарынан кийин дзюдочулардын рейтингин жаңылады. Аталган рейтингде Азия оюндарында коло медалдарды тагынган Артур Те менен Владимир Золоев мурунку саптан бир топ жогорулашты.

Владимир Золоев Азия оюндарында 81 килограммга чейинки салмак ченинде 3-орунду ээлеп, 350 упайга ээ болгон. Муну менен Золоев жалпы 1227 упай топтоп дүйнөлүк рейтингде 36-орунда жайгашты.

Артур Те дагы Азия оюндарында коло медалга ээ болуп 350 упай алган. Ал 66 килограммга чейинки рейтингде 42-орунга көтөрүлдү.

Ал эми аталган рейтингде кыргыз дзюдочулардын арасынан эң жогорку сапта Юрий Краковецкий жайгашкан. Ал 100 килограммдан жогорку салмак ченинде 12-орунду ээлеп келе жатат. Бул салмак ченинде дагы бир кыргыз дзюдочу Бекболот Токтогонов бар. Ал Азия оюндарында 7-орунду ээлеп 118 упай алган, Токтогонов жалпы 1158 упай менен 33-орунда келе жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан