Президент Алмазбек Атамбаев Жалал-Абад облусундагы Беш-Батман каналынын курулушу менен таанышты

Бүгүн, 3-июлда президент Алмазбек Атамбаев Жалал-Абад облусуна болгон иш сапарынын алкагында Аксы районундагы Ренжит өрөөнүн суу менен камсыз кылууну жакшыртуу максатында курулуп жаткан Беш-Батман каналынын курулушунун жүрүшү менен таанышты. Бул тууралуу Президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди. Мамлекет башчысы Беш-Батман каналынын курулушу боюнча долбоор Кыргызстанды 2013-2017-жылдардын мезгилине туруктуу өнүктүрүүнүн Улуттук стратегиясын жүзөгө ашыруу алкактарында ишке ашырылып жаткандыгын белгиледи. Ошондой эле стратегияга ылайык, жыл сайын 10 миң гектар айыл чарба сугат жерлери пайдаланууга берилип турушу керектигин баса белгиледи. Айыл чарба жана мелиорация министри Чыңгысбек Узакбаев азыркы учурда каналдын 1200 метри курулуп бүткөндүгүн жана каналды ушул жылдын аягына чейин пайдаланууга берүү пландаштырылып жаткандыгын маалымдады. Мындан тышкары мамлекет башчысы Аксы районунун тургундары менен жолугуп, аларды кызыктырган суроолорго жооп берди. Белгилей кетсек, Беш-Батман каналынын түпкү бөлүгүн оңдоо тууралуу долбоорго ылайык, каналдын узундугу 7,46 чакырымды түзөт. Долбоордун суммасы 411 миллион сомду түзөт. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан