Бүгүн, 3-июлда Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарынын тургундары митингге чыгышып, Бишкек-Каракол жолун тосуп алышты. Алар 2-июлда Бишкек шаарында кармалган аталган шаардын 4 тургунун бошотууну талап кылышууда. Эске сала кетсек, 1-июлда Чолпон-Ата шаарында жергиликтүү тургундар милиция кызматкерлери менен урушуп кетишип, ыкчам топ келгенде жаш балдар укук коргоо кызматкерлерин укпай, аларды таш менен чаап, мушташууга өтүшкөн. Мушташтан улам милиция кызматкери жаракат алып, ооруканага жаткырылган.Ал эми бүгүн чогулган эл өкмөттүн облустагы өкүлү Эмил Каптагаев жана Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынын башчысы Эмил Салиев тергөө иштери жүрүп жатканда эч кимди камакка албоо тууралуу сөз беришкенин айтышууда. “Бирок ага карабастан Бишкектен 4 жаранды кармап алышыптыр. Аларды коё берүүнү талап кылуудабыз”,- дешет алар.