Өлкөдө кулчулуктун курмандыктарына колдоо көрсөтүү боюнча семинарлар өтүүдө. Ага Кызыл-Кыя, Жалал-Абад жана Ош шаарларындагы аймактык кеңештин, айыл өкмөттөрдүн жана шаар мэрияларынын өкүлдөрү, укук коргоо органдарынын, ошондой эле миграция боюнча эксперттер катышып, көйгөйдү чечүү жолдорун талкуулашты. Бул тууралуу уюштуруучулар билдиришти.
Семинардын катышуучулары көбүнчө “Эмне үчүн адам сатуунун курмандыктары тергөө органдарына же мамлекеттик органдарга кайрылышпайт” деген суроолорду көтөрүп жатышты.
Чакырылган эксперттер кулчулуктун курмандыктары уялып, андан сырткары соттун акыйкат чечип берүүсүнө ишенишпегени үчүн укук коргоо органдарына кайрылбай келишкенин билдиришти.
“Мигранттар көбүнесе аймактык кеңеш, айыл өкмөттөргө качан гана кулчулукка кабылып же миграцияга кеткен тууганы дайынсыз болуп кеткенде кайрылышат, же айрым бир маалымдамаларды алуу үчүн барышат. Негизи чындыгында ар бир жаран өлкөдөн чыгып бара жатканда кайрылып, барар жерин айтып кетсе кыйынчылыктар жаралмак эмес. Ошондой эле кайсы жараныбыз кайсы жерде кандай тагдырда жүргөнүн мамлекеттик органдар билиши керек. Бирок бизде канча жараныбыз миграция экендиги тууралуу да маалыматыбыз жок. Так статистика жок, анткени стихиялуу түрдө миграция күч алган”, - дейт миграция боюнча эксперт Эсеналы Абдыкалыков.
Бул семинарлар өтө кызыгууну жаратты. Мисалга, Жалал-Абад облусунун аймактык кеңештеринин өкүлдөрү “Мигранттын мектебин” ар бир аймакта ачууну сунушташты. Миграцияга кетип бара жаткан жарандар өз укуктарын билишсе кулчулук, адам сатуу сыяктуу кооптуу жагдайларга туш болмок эмес дешет катышуучулар.
“Мигранттын мектеби” долбоору ушул жылдын май айынан баштап иштей баштады, ошондон бери тажрыйбалуу психолог менен юрист өлкөдөн чыгууну каалаган жарандарыбызга кеңештерин берип жатышат. Долбоор башталгандан бери 300дөн ашык жаран кеңеш алышты”, - дейт "Благодать" коомдук фондунун жетекчиси Рахат Шакирова.
“Мигранттын мектеби” долбоору АКШнын Кыргыздагы элчилиги тарабынан каржыланып коомдук фонд тарабынан ишке ашырылууда.