Жыргалаң капчыгайында адашып кеткен израилдик турист бир күндөн кийин табылды

Ак-Суу районуна караштуу Жыргалаң капчыгайында адашып кеткен израилдик турист бир күндөн кийин табылды. Бул тууралуу бүгүн, 14-сентябрда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 13-сентябрь күнү түнкү саат 01:45 чамасында Жыргалаң капчыгайында Ш.М. аттуу турист (Израиль өлкөсүнүн жараны) адашып кеткен. Саат 03:00 чамасында Кыргыз Республикасынын ӨКМнын №7 өзүнчө мобилдик тоо-кен куткаруу взводунун 8 куткаруучусу тартылып издөө иш-аракеттери башталган. Саат 12:44 чамасында чет өлкөлүк турист куткаруучулар тарабынан табылып, Жыргалаң айылына алып келинген. Учурда туристтин абалы жакшы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан