Бишкек-Каракол жолун тосуп алган митингчилер жолду ачышты. Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБинин басма сөз кызматынын башчысы Сталбек Усубакунов билдирди. Маалыматка ылайык, учурда 100гө чукул киши митингди улантууда. “Сүйлөшүүлөрдүн натыйжасында жол ачылды. Учурда да түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп жатат. Алар кармалган балдарды коё берүүнү жана аларга карата кылмыш ишин козгобоону талап кылышууда”,- деди ал.