Бишкекте бала сатууга шектелип кармалган 5 гинекологго 2 берене менен кылмыш иши козголду. Бул тууралуу бүгүн, 14-сентябрда SUPER.KG'ге Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
"Учурда бала сатууга шектелип кармалган 5 гинекологдун төртөө соттун чечими менен 2 айга камакка алынды, алардын бири өлкөдөн сыртка чыкпоо талабы менен чыгарылган. Кылмышка шектүүлөрдүн баары үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунан сырткары, менчик клиникаларда эмгектенип келишкени аныкталды. Кылмышка шектелип кармалгандар "бала сатуу" жана "жасалма документ жасаган" деп айыпталууда", - дейт басма сөз катчы.
Буга чейин белгилүү болгондой, бала сатууга шектелип кармалгандардын бири №1-үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун, 2 гинеколог №18-үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун, дагы экөө Бишкектеги төрөт үйлөрдүн биринин кызматкерлери экени аныкталган.
Эске салсак, милиция кызматкерлери тарабынан 7-сентябрь күнү Бишкектеги үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун гинекологдору бала сатууга шектелип кармалган.