Бишкек шаарында эл аралык террордук топтун мүчөсү кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 14-сентябрда УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.
Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин кызматкерлери тарабынан III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарындагы коопсуздукту камсыздоодо жана Сириядагы куралдуу жаңжалдарга катышууга үгүттөөчүлөрдү аныктоо иш-чараларынын алкагында 1994-жылы туулган Х.И. аттуу Кыргыз жараны кармалды.
"Такталган маалымат боюнча кармалган жаран КМШ өлкөлөрүнүн биринде узак убакыттан бери жашап, Сириядагы жаңжал болуп жаткан аймактарга жарандарды үгүттөө менен алектенип келген. Учурда бул факты боюнча кылмыш иши козголуп, кармалган жаран тергөө абагына киргизилди. Тергөө амалдары улантылууда", - деп жазылат маалыматта.