Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун директорунун орун басары Назира Үсөналиева 2012-жылы 331 415 сом киреше тапканын жылдык кирешеси жана үй-мүлкү тууралуу тапшырган декларацияда көрсөттү. Анын 52,2 чарчы метр аянтты ээлеген 1 батири бар болсо, кыймылдуу мүлкү жана жакындарынын жылдык кирешеси менен үй-мүлкү тууралуу эч нерсе жазган эмес декларацияга.