Италиялык мушкер Мара Борелла 26 жылга спорттон четтетилди

UFC'нин абсолюттук чемпиондугунда беттешке чыгып жүргөн италиялык мушкер Мара Борелла 26 жылга спорттон четтетилди. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалым болгондой, допингге каршы күрөшкөн италиялык агенттик 32 жаштагы мушкерди 2044-жылга чейин спорттон четтеткен. Буга Борелланын машыгуу учурунда допинг колдонгону жана тыюу салынган баңгизатты жайылтуусу себеп болгон. Тагыраагы, спортчу буга чейин марихуана жана кокаин сатууга тиешеси бар деп айыпталган. Кийин ал баңгизатын өзү машыккан залда сатып жүргөнү аныкталган.

Айта кетсек, мушкердин акыркы беттеши ушул жылдын январь айында орун алган. Анда Борелла америкалык атаандашы Кэтлин Чукагяндан жеңилип калган. Ал эми жалпы карьерасында 12 жолу жеңишке жетип, 5 жолу жеңилүү ызасын тарткан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Kgda
2018-09-14 15:59:12
Ээ эми ушуну менен карьерасы бутон экенда.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан