Франциянын президенти Эммануэль Макрондун жубайы Брижит Макрон француздардын "Vestiaires" аталышындагы кыска метраждуу сериалына тартылды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалым болгондой, сериалдын баш каармандары Роми жана Орсон аттуу мүмкүнчүлүгү чектелген спортчулар. Алар абдан тамашакөй болгондуктан, көрүүчүлөрдүн маанайын көтөрө турган окуяларды айтып беришет.
"Биринчи айым биздин сериалдын күйөрманы экенин билчүбүз. Андыктан сунушубуздан баш тартпай, тартылууга макулдук берди", - деген актёрлордун бири.
Сериалдын ханайым тартылган бөлүгү Францияда эртең, 15-сентябрда көрсөтүлөт. Брижит Макрон сериалга катышуу үчүн жолдошунун президенттик кызматка киришүү аземинде кийген көгүш түстөгү костюм менен юбкасын кийип келген.