УКМКнын мурдагы төрагасы Абдил Сегизбаев Белизден келген документтер тууралуу айтып берди

Тектеш кабарлар: "Белизгейт" чуусунун таржымалы (41 материал)

Бүгүн, 14-сентябрда "Ата Мекен" фракциясынын жыйынында УКМКнын Өздүк коопсуздук башкармалыгынын жетекчиси Бакытбек Мүсүралиев иликтөө учурунда Белиз өлкөсүнөн эч кандай документтер келген эмес деп билдирди.

УКМКнын мурдагы төрагасы Абдил Сегизбаев бул маселе боюнча SUPER.KG порталына пикирин билдирди.

"Биз ыкчам маалыматты, Белиз боюнча документтердин бардыгын тапшырып бергенбиз. Чындыгында бул жерде комплекстүү караш керек. "Мегакомдо" коррупция болгону, буга "Ата Мекендин" айрым өкүлдөрү катышканы факт. 2010-жылы 100 пайыз улутташтырбай 51 пайызын жашырып коюшканы да факт. Айрым депутаттар "Мегаком" боюнча абакта отурганы факт. Чындыгында документтер чыгып, бизге ал учурда текшерүү жүргүзгөнгө түрткү болду. Ошол түрткүнүн негизинде биз "Мегакомду" изилдеп чыгып, коррупциялык схемаларды таап чыкканбыз. Жогорку Кеңеш бизди бул маселе боюнча чакырган. Биз аталган документтер боюнча эч кимди күнөөлөгөн эмеспиз, бул документтердин негизинде текшерүү жүргүзөбүз деп айтканбыз. Документтердин үстүндө текшерүү жүргүздүк, "Ата Мекендин" айрым мүчөлөрү "Мегаком" чөйрөсүндө коррупцияга аралашканы аныкталды. Айрымдары абакта отурат. Айрымдары жазасын алды. Ошол документ "Мегакомдун" чөйрөсүндөгү коррупцияны аныкташ үчүн түрткү болуп берген", - дейт Сегизбаев.

Ал эми КСДПга байланышканыбызда анын өкүлү Кундуз Жолдубаева бул жерде партиянын тиешеси жок экенин, документтерди ошол кездеги УКМКнын төрагасы Абдил Сегизбаев алып келгенин айтты.

2016-жылдын 14-ноябрында ал кездеги президент Алмазбек Атамбаев Абдил Сегизбаевди кабыл алган. Анда Белиз мамлекетинин расмий органдарынан апостиль алынганын билдирген. УКМКнын башчысынын билдиришинче, ал документтер 2012-жылы жогорку кызматта турган 3 адам "Мегакомдун" акцияларын сатуудан түшөт делген 50 миллион доллардан ашык акчаны оффшордук компанияга чыгарууга кызыкдар болгонун күбөлөндүрөт. Документте Өмүрбек Текебаевдин, Алмамбет Шыкмаматовдун жана Аида Салянованын аты аталган.

Кийин бул боюнча 2017-жылдын март айында Шыкмаматов, Салянова, Текебаев "жалган маалымат таратып беделибизге шек келтирди" деп сотко кайрылышкан. Алар Абдил Сегизбаев аталган маалыматты айтса, аны президенттин басма сөз кызматы тараткан деп, анын ал кездеги жетекчиси Алмаз Үсөновдун үстүнөн да сотко кайрылышкан. Алмамбет Шыкмаматов менен Аида Салянова моралдык чыгым катары эч кандай компенсацияны өндүрүп алууну каалашкан эмес. Бирок Өмүрбек Текебаев моралдык чыгым катары 60 миллион сомду өндүрүп берүүнү соттон өтүнгөн. Бирок соттун чечимдери саясатчылардын пайдасына чыккан эмес.

УКМК Белизден келди деп Сегизбаев Атамбаевге көрсөткөн документ жок экенин айтты

кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан