Кыргызстанда менингит менен ооругандардын саны өсүүдө
Кыргызстанда менингит менен ооругандардын саны
өсүүдө. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы
билдирди. Ушул жылдын 5 айында өткөн жылга салыштырмалуу бактериялык менингит
оорусу менен жабыркагандардын саны 1,6 пайызга өскөн. Илдет Бишкек, Ош
шаарларында жана Ысы-Көл, Талас облустарында көбөйүүдө. Ооругандардын 77,2
пайызы 14 жашка чейинки балдар.