Бишкектин Ак-Жар жаңы конушунан автоунаа уурдап качкан 2 жаран кармалды

Бишкек шаарындагы Ак-Жар жаңы конушунан Жигули автоунаасын айдап качкан эки жаран кармалды. Маалыматка ылайык, бир нече күн мурун аталган конуштун 1977-жылы туулган тургунун 2 адам коркутуп, күч колдонуу менен унаасын айдап кетишкен. Аталган окуяга шектүү катары милиция кызматкерлери 1991-жылы жана 1981-жылы туулган Бишкектин тургундарын кармашты. Учурда тергөө амалдары жүрүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан