"Бир Бол" фракциясы акыйкатчылык кызматка талапкер катары Рита Карасартованы алып чыгат

Жогорку Кеңештеги "Бир Бол" фракциясы акыйкатчылык кызматка талапкер катары Рита Карасартованы алып чыгат. Бул тууралуу SUPER.KG'ге Карасартова өзү билдирди.

Ал Жогорку Кеңештеги бардык фракцияларга кат түрүндө өзүнүн талапкерлигин көрсөтүп бергиле деп кайрылганын айтты.

"Фракциялардын ичинен КСДП, "Республика-Ата Журт", "Бир Бол" фракциялары менин толук документтеримди сурашкан. Мен аларга тиешелүү бардык документтеримди бергем. Алардын ичинен "Бир Бол" фракциясы менен талапкерлигимди алып чыга турган болушту. КСДП алып чыккан жок, ал эми "Республика-Ата Журт" фракциясы дагы эле кимди алып чыгарын айта элек. Балким, алар да чыгарып калар деп үмүт кылып жатам", - деди Карасартова.

Ошондой эле Карасартова "Бир Бол" фракциясы дагы эки адамдын талапкерлигин алып чыга турганын айтып, алардын ким экени белгисиз экенин кошумчалады.

Белгилей кетсек, акыйкатчы кызматына КСДП фракциясы Токон Мамытовдун талапкерлигин, "Ата Мекен" фракциясы Канатбек Азиздин талапкерлигин көрсөтөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан