Бүгүн, 17-сентябрда Бишкек шаарынын бир катар аймактарында жарык өчөт. Бул тууралуу "Түндүкэлектр" ишканасынын маалымат кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, жарык кышка даярдык көрүү, эски электр зымдарын алмаштыруу максатында өчүрүлөт.
Саат 9:30дан 19:00гө чейин - Жумабек, Үсөнбаев, Фрунзе, Абдрахманов, Байтик баатыр көчөлөрү;
Саат 9:30дан 19:00гө чейин - Кирпичный, Осмонкул, Древесный, Жданов, Абдыкадыров, Торфяный, Суворов көчөлөрү менен Тугучинский туюк көчөсү;
Саат 9:00дөн 18:00гө чейин - Чыгыш-5 кичи районундагы №23/2 үй;
Саат 9:00дөн 17:00гө чейин - Достук кичи районундагы №4 үй;
Саат 9:30дан 18:00гө чейин - Хабитат, Боталиев, Можайский, Кызыл-Кыя көчөлөрү;
Саат 13:00дөн 15:00гө чейин - Мостовой, Восточный, Тоголок Молдо, Можайский көчөлөрү менен Снегиревский, Витебск туюк көчөлөрү;
Саат 9:00дөн 13:00гө чейин - Ынтымак жаңы конушунда;
Саат 13:00дөн 17:00гө чейин - Киргизия-1 жаңы конушундагы Кожомкулов, Абдрахманов, Жеңиш, Волокаламская көчөлөрүндө жарык өчүрүлөт.