Бүгүн, 17-сентябрда Словакиянын Транава шаарында күрөш боюнча жаштар арасындагы Дүйнө чемпиондугу старт алат. Бул тууралуу Күрөш федерациясы билдирди.
Маалыматка ылайык, анда 5 медалдар топтому ойнотулат. Чемпиондуктун 1-мелдеш күнүндө 4 кыргыз балбаны килем үстүнө чыгат. Беттештер Бишкек убактысы боюнча саат 14:30да башталат. Ал эми жарым финалдык беттештер саат 22:00дө башталса, коло медаль үчүн жана финалдык беттештер 18-сентябрда өтөт.
17-сентябрда килем үстүнө чыга турган спортчулар:
55 килограммга чейинки салмак ченинде:
Нуртазин Керимберди уулу (Кыргыз өлкөсү) - Туорки Али Хазоази (Сауд Арабиясы);
63 килограммга чейинки салмак ченинде:
Алстон Жон Нуттер (АКШ) - Эрбол Бакиров (Кыргыз өлкөсү);
77 килограммга чейинки салмак ченинде:
Акжол Махмудов (Кыргыз өлкөсү) - Шаян Хоссейн Афифи (Иран)
87 килограммга чейинки салмак ченинде:
Амангелди Талантбек уулу (Кыргыз өлкөсү) - Игорь Ярошевич (Беларусь).