Ысык-Көлдө өтүп жаткан XVIIl эл аралык "Ысык-Көл спорт оюндары" мелдешинин алкагында таяк тартыш боюнча мелдеш жыйынтыкталды. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт агенттиги билдирди.
Аталган мелдеш Чолпон-Ата шаарында өтүп, ага Орусия, Кытай жана Кыргыз өлкөсүнүн 49 спортчусу катышты. Мелдеш эркектер арасында 6 салмак ченде жана кыз-келиндер арасында 5 салмак ченинде өттү.
Бул мелдеште 2-8-сентябрь аралыгында өткөн Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына катышкан спортчулар дагы күчүн сынашты. Анда Көчмөндөр оюндарында коло медалды тагынып калган Дильдора Рахмонова алтын медалды утса, Көчмөндөр оюндарында алтын медалды утуп алган Бекжан Өмүралиев бул ирет күмүш медалга гана татыды.
Жеңүүчүлөрдүн тизмеси:
Эркектер арасында:
60 килограммга чейинки салмак ченинде:
1-орун: Самудин Эсенгул уулу (Талас);
2-орун: Бакыт Мураткул уулу (Ысык-Көл).
70 килограммга чейинки салмак ченинде:
1-орун: Азамат Асанов (Ысык-Көл);
2-орун: Бекжан Өмүралиев (Ысык-Көл);
3-орун: Анарбай Осмонбек уулу (Бишкек).
80 килограммга чейинки салмак ченинде:
1-орун: Семен Атаков (Саха Республикасы, Орусия);
2-орун: Элдос Айтпаев (Ысык-Көл);
3-орун: Руслан Чыныбек уулу (Ысык-Көл);
90 килограммга чейинки салмак ченинде:
1-орун: Эмиль Мусуралиев (Бишкек);
2-орун: Чыңгыз Латипов (Бишкек);
3-орун: Бекжан Уркалиев (Ысык-Көл).
105 килограммга чейинки салмак ченинде:
1-орун: Умар Турдиев (Ысык-Көл);
2-орун: Эржан Акылбеков (Бишкек);
3-орун: Нурзатжан Назармухаммедов (Ысык-Көл);
125 килограммга чейинки салмак ченинде:
1-орун: Бектур Мавлянов (Бишкек);
2-орун: Эрмек Карыбеков (Ысык-Көл);
Кыз-келиндер арасында:
55 килограммга чейинки салмак ченинде:
1-орун: Бермет Максатбек кызы (Талас);
2-орун: Алия Аалиева (Ысык-Көл);
3-орун: Каниет Сыдыкова (Ысык-Көл);
65 килограммга чейинки салмак ченинде:
1-орун: Дильбара Иманканова (Ысык-Көл);
2-орун: Эльзат Маратбек кызы (Талас).
75 килограммга чейинки салмак ченинде:
1-орун: Надежда Гулященко (Бишкек);
2-орун: Айгерим Жайлобекова (Ысык-Көл).
85 килограммга чейинки салмак ченинде:
1-орун: Назия Малибашева (Бишкек);
2-орун: Айжан Анарбекова (Талас);
3-орун: Айганыш Кенешова (Ысык-Көл).
85 килограммдан жогорку салмак ченинде:
1-орун: Дильдора Рахмонова (Баткен);
2-орун: Медина Абдыкеримова (Бишкек);
3-орун: Кулиса Алсеитова (Бишкек).