Акыйкатчынын кызмат ордуна талапкерлерге сунуштоолорду кабыл алуу башталды
КРнын Акыйкатчысынын бош кызмат ордунун мөөнөтүнөн
мурда түзүлгөндүгүнө байланыштуу Жогорку Кеңеш талапкерлерге сунуштоолорду
кабыл алуу башталгандыгы жөнүндө билдирди. Акыйкатчынын кызмат ордуна талапкер
болууну каалаган адамдардан фракциялар тарабынан документтерди кабыл алуунун
чектик мөөнөтү үстүбүздөгү жылдын 15-августуна чейин белгиленди. Документтер төмөндөгү дарек боюнча депутаттык фракцияларга жөнөтүлүшү зарыл: Почта индекси 720003, Бишкек шаары, Чүй проспектиси, 205.Саясий партиялар же коомдук бирикмелердин башка формалары тарабынан көрсөтүлгөн талапкерлер үчүн жана өзүн-өзү көрсөтүү үчүн арыздардын үлгүсү тиркелет. Кошумча суроолор боюнча төмөндөгү телефондорго кайрылса болот: (0312) 63-91-87, 63-87-94.