Бүгүн, 17-сентябрда Словакиянын Транава шаарында грек-рим күрөшү боюнча жаштар арасындагы Дүйнө чемпиондугу старт алды. Анда кыргыз спортчулар 4 салмак ченинде күч сынашууда.
Азыркы тапта 63 килограммга чейинки салмак ченинде күрөшкөн Эрбол Бакиров алгачкы беттешин өткөрүп, кийинки баскычка өттү. Бакиров 1/16 финалдын алкагында АКШлык Алстон Жон Нуттер менен кез келип, 10:0 эсебинде утуп алганга үлгүрдү. Муну менен кыргыз балбаны жарым чейрек финалга аттанды.
Айта кетсек, бүгүн аталган мелдеште Эрбол Бакиров Кыргыз өлкөсүнөн Нуртазин Керимберди уулу, Акжол Махмудов жана Амангелди Талантбек уулу катышат.