Москва мамлекеттик лингвистикалык университетинде кыргыз тилин окуган 3 орус бүтүрүүчү артыкчылык дипломго ээ болушту

Бүгүн, 3-июлда Москва мамлекеттик лингвистикалык университетинде Аймак таануу адистиги боюнча англис-кыргыз группасынын студенттеринин бүтүрүү кечеси болду. Бул тууралуу Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинин басма сөз кызматы маалымдады. Иш-чарага Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинин өкүлдөрү, АКШ элчиликтери, Болгар улуттук университетинин ректору, ММЛУнун профессордук-окутуучулар жамааты, бүтүрүүчүлөрү жана ата-энелер катышты. Анда Орусиянын жарандары болгон Дарья Пахомова, Маргарита Герасюкова жана Ксения Гурова 5 жыл ичинде кыргыз тилин экинчи чет тили катары окуп үйрөнүшүп, окуу жайды артыкчылык диплому менен аякташты. Кечеде бүтүрүүчүлөр музыканын коштоосунда “Кыргыз жери” ырын аткарышты. Аталган окуу жайдын ректору Ирина Халееванын айтымында, кийинки жылкы кыргыз тилин окуган москвалык студенттердин группасында 12 студент билим алмакчы. Иш-чаранын соңунда Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги тарабынан кыргыз тилин үйрөнгөн бүтүрүүчүлөргө ыраазычылык каттары тапшырылды. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан