"Партиянын лидерлерин жыйынга чакыра турган болсок, кийинкиде Мырзакматовду чакыралы" деди Жанар Акаев

Бүгүн, 17-сентябрда Жогорку Кеңештин комитет жыйынына "Замандаш" партиясынын лидери Жеңиш Молдокматов катышып, Билим берүү жана илим министрлигине сунушун берди.

Депутат Жанар Акаев бул көрүнүш боюнча оюн билдирди. "Урматтуу комитет мүчөлөрү, азыркы прецедент мага абдан жакты. "Замандаш" партиясынын лидери келип сунушун берип жатса, демек, кийинкиде башка партиянын лидерлери келип, өкмөткө суроо берсе болот экен. Жакшы көрүнүш болду. Кийинкиде Адахан Мадумаровду чакыралы, Мелис Мырзакматов Кыргыз мамлекетине келип калса аны да чакырсак болот экен. Ар бир маселе боюнча сунуш алалы", - дейт Акаев.

Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттыкты сактоо боюнча комитетинин төрайымы Гүлкан Молдобекова Жеңиш Молдокматов депутат Тазабек Икрамовдун сунушу менен келгенин билдирди. "Тазабек Икрамович өткөн комитет жыйынында Жеңиш Молдокматовду комитет жыйынына чакыруу боюнча сунуш берген", - деди Молдобекова.

Жыйында республикадагы билим берүү уюмдарынын жаңы 2018-2019-окуу жылына карата даярдыгынын абалы жөнүндөгү маалымат угулууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан