Бүгүн, 17-сентябрда Словакиянын Транава шаарында грек-рим күрөшү боюнча жаштар арасындагы Дүйнө чемпиондугу старт алды. Анда кыргыз спортчулар 4 салмак ченинде күч сынашууда.
Анда 87 килограммга чейинки салмак ченинде күрөшкөн Амангелди Талантбек уулу алгачкы беттешинде жеңилүү ызасын тартып, 1/8 финалга өтө албай калды. Ал 1/16 финалдын алкагында беларустук Игорь Ярошевич менен күрөшкөн, беттештин жүрүшүндө Ярошевич 9 упай топтоп кыргыз спортчусун алдын ала утуп алды.
Кыргыз өлкөсүнөн Амангелди Талантбек уулунан тышкары барган балбандар алгачкы атаандаштарын утуп, жарым чейрек финалда күч сынашат. Акжол Махмудов ирандык балбанды утуп алса, Эрбол Бакиров АКШлык балбанды утуп алган. Ал эми Нуртазин Керимберди уулу алгачкы беттешин жарым чейрек финалда өткөрөт.