Касым Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетинин күндүзгү окуу бөлүмүнө быйыл 925, сырттан окуу бөлүмүнө 225 абитуриент кабыл алынат. Ал эми бюджеттик орунга кабыл алуу боюнча билим берүү министрлигинин буйругу менен 163 орун бар экендиги аныкталган. Маалыматка ылайык, бюджеттик орунга студенттер жылдан-жылга аз кабыл алынууда. Былтыркы жылга салыштырмалуу быйыл 47-50 орунга кыскарган.