Лионель Месси: "Мен эч качан өзүм ойногон беттештерди кайталап көргөн эмесмин"

"Мага футбол көрүү жагат" деп билдирди "Барселона" клубунун чабуулчусу Лионель Месси чет элдик телеканалдардын бирине берген маегинде.

Ал даярдыктарында эмнеге көп көңүл буруп жатканын да айтып өткөн.

"Мен эч качан өзүм ойногон беттештерди кайталап көргөн эмесмин. Бул мага жакпайт. Бирок башка бардык футболдук беттештерди кызыгуу менен көрөм. Испания, Аргентина чемпионаттарына жана Либертадорес Кубогуна да кызыгып, байкоо жүргүзөм.

Мен айып тобун тебүүнү эффективдештирүүнүн үстүндө иштеп жатам. Ага даярдануу негизи оор. 11 метрлик айып тобун ишке ашырууда дарбазачы кайсы тарапка сокку урарыңды байкап калса, анда аракетиң ишке ашпай калат. Ошондуктан мыкты тебүү керек", - деген Месси.

Лионель Месси учурда испаниялык "Барселона" клубунда жана Аргентина курама командасында ойноп келет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
warcaw
2018-09-17 17:24:53
Месси чыныгы талант
+4
nemo2016
2018-09-17 19:11:40
Лионель Месси ийгилик сага,Барселона клубунун фанаттары сен мн сыймыктанат
0
Syimyk.isaev
2018-09-17 19:35:35
Калп айтат!
+2
Mikaaa
2018-09-17 20:29:11
Syimyk.isaev,кайдан билесин сен
-2
Kairat1996
2018-09-17 20:42:35
Месси супер
0
aksuu_aduk
2018-09-17 21:03:37
Месси бул озго ааламдык
-2
Rasul94
2018-09-17 22:46:38
Мессинин характеристики нито имиш го.ХХХХ
-1
Makkambaev97
2018-09-17 22:47:44
Пиналти тебишти уйронсун тебе албайт
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан