Бүгүн, 17-сентябрда Словакиянын Транава шаарында грек-рим күрөшү боюнча жаштар арасындагы Дүйнө чемпиондугу өтүүдө. Анда кыргыз спортчулары 4 салмак ченинде күч сынашып жатат.
77 килограммга чейинки салмак ченинде Кыргыз өлкөсүнөн Акжол Махмудов катышып, жарым чейрек финалда белорустук Артём Волоскович менен күч сынашты. Беттештин жүрүшүндө Махмудов 1 упайды атаандашынын кыймылсыздыгы үчүн алып, партерден 6 упай алганга үлгүрдү. Махмудов 7:0 эсебинде утуп, 1-бөлүк соңуна жетип калды. 2-бөлүктүн башталышында Акжол Махмудов беларустук балбанды килемден сыртка түртүп чыгып 9:0 эсеби менен бул беттеште жеңишке жетти. Муну менен Акжол Махмудов кийинки баскычка өттү.
Буга чейин Махмудов ирандык Хоссейн Афифини кыйынчылыксыз утуп алган.
Айта кетсек, аталган мелдешке Кыргыз өлкөсүнөн катышып жаткан Эрбол Бакиров жарым чейрек финалда атаандашын утуп чейрек финалга чыкса, Нуртазин Керимберди уулу жарым чейрек финалдык баскычта сауд арабиялык балбан менен күч сынашат.