Бишкектеги көчөлөрдүн биринен белгисиз айдоочу өспүрүмдү сүзүп, окуя болгон жерден изин суутуп кетти

Бишкек шаарындагы көчөлөрдүн биринен белгисиз айдоочу өспүрүмдү сүзүп, окуя болгон жерден изин жашырып кетти. Бул тууралуу бүгүн, 17-сентябрда SUPER.KG'ге Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жол кырсыгы бүгүн саат 17:00 чамасында Абдымомунов көчөсү менен Эркиндик бульварынын кесилишинде орун алган. Анда велосипед тээп бара жаткан 17 жаштагы шаар тургунун ак түстөгү унааны башкарган белгисиз айдоочу сүзүп, окуя болгон жерден качып кеткен.

"17 жаштагы бала башынан жаракат алып, "Тез жардам" кызматынын кызматкерлери тарабынан шаардык №3-балдар ооруканасына жеткирилди. Учурда окуянын күбөлөрү суракка алынып, айдоочуну издөө иштери жүрүүдө", - деп билдирди башкармалыктан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан