Күрөш боюнча жаштар арасындагы Дүйнө чемпиондугу: Эрбол Бакиров германиялык балбанды утуп жарым финалга чыкты

Бүгүн, 17-сентябрда Словакиянын Транава шаарында грек-рим күрөшү боюнча жаштар арасындагы Дүйнө чемпиондугу старт алды. Анда кыргыз спортчулары 4 салмак ченинде күч сынашууда.

63 килограммга чейинки салмак чениндеги чейрек финалдык беттеште кыргыз балбаны Эрбол Бакиров германиялык Хловелл Ван Мейер менен туш келип, аны кыйынчылыксыз 13:3 эсеби менен утуп алууга жетишти. Муну менен Бакиров мелдештин жарым финалына аттанды.

Айта кетсек, Бакировдон тышкары чейрек финалдык баскычта Кыргыз өлкөсүнөн Нуртазин Керимберди уулу жана Акжол Махмудов күрөшөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан