Быйыл Бишкек шаары боюнча социалдык жактан аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдөн 8 жаштан 15 жашка чейинки 2950 бала жайкы лагерлерде эс алышты. Лагерлерде 400дөн ашык окутуучулар балдар менен иш алып барып, 3 маал тамак-аш менен камсыз кылуу уюштурулган. Эс алуу маалында балдар галереяга, музейге, театрларга, концертке, эс алуу аймактарына жана бассейндерге бара алышты. Ошондой эле бул маалда ар кандай сынактар жан спорттук иш-чаралар уюштурулду. Бардык каалоочулар өз кызыкчылыктарына жараша ар кандай ийримдерге да катышышты.