Бүгүн, 18-сентябрда Словакиянын Транава шаарында грек-рим күрөшү боюнча жаштар арасындагы Дүйнө чемпиондугунда кыргыз балбаны Эрбол Бакиров алтын медаль үчүн күч сынашат.
Буга чейин 63 килограммга чейинки салмак чениндеги чейрек финалдык беттеште кыргыз балбаны Эрбол Бакиров алгач америкалык Алстон Жона Нуттераны 10:0 эсебинде утса, экинчи беттеште армениялык Храчию Погосянды жеңген. Ал эми чейрек финалда германиялык атаандашы Чловелла Ван Мэйерди 13:3 эсебинде утуп жарым финалга жолдомо алган.
Жарым финалдык беттеште Бакиров орусиялык атаандашы Азамат Каировду 68 секунд ичинде жеңип, финалга чыккан.
Ал эми бүгүн Бишкек убактысы боюнча саат 22:00дө Эрбол Бакиров египеттик Хассан Ахмед Мохамед менен кез келип, алтын медаль үчүн күрөшмөкчү.