Бүгүн, 4-июлда саат 9:00дөн 17:00гө чейин Бишкектеги Дачный, Горький, Виноградный, Бах, Миң-Куш, Кара-Коо, Краснодонцев, Кудрук, Араван, Күрөңкеев, Жаш Гвардия, Түлөбердиев, Караван көчөлөрүндө, Киргизия-1 конушундагы Кожомкулов, Абдырахматов көчөлөрүндө, Турусбеков көчөсүндөгү № 48-49-көп кабаттуу үйлөрдө электр жарыгы өчүрүлүшү мүмкүн. Бул тууралуу “Түндүк электр” ишканасынын басма сөз кызматы билдирди. Ошондой эле Жайыл районуна караштуу Ново-Николаевка, Алексеевка айылында жол бойлото тартылган аба чубалгысынын жанындагы өсүп кеткен бак бутактарды тазалоо, зымдарды тарттыруу иштерине байланыштуу электр энергиясы өчүрүлүшү мүмкүн.