Орусияда ашпозчу болуп эмгектенген Кыргыз жарандары полиция кызматкерин сабап кармалышты

Орусияда ашпозчу болуп эмгектенген Кыргыз жарандары полиция кызматкерин сабап кармалышты. Бул тууралуу орусиялык басылмалар Калуга облустук тергөө органдарына таянып жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, Малоярославец шаарында 2 Кыргыз жараны кечке маал унаасынын фарасын күйгүзбөй кетип бара жатышкандыктан, инспекторлор тарабынан токтотулган.

"Инспектор документтерин сураган кезде айдоочу аларды үйүндө унутуп калганын айткан. Анда инспектор аларды үйүнө чейин узатып, документтерди ошол жерден текшерүүнү чечкен. Бирок көп кабаттуу үйдүн подъезине киргенде, кармалган 2 жаран инспекторду сабап, колунан тиштеп алышкан. Буга карабастан алар качып кете алган эмес", - деп жазылат маалыматта.

Кармалган 2 жаран Малоярославец шаарында суши, роллы жасап иштешкен. Укук коргоо органынын кызматкерине кол салгандыгы үчүн жарандарга 200 миң рубль айып салынышы же болбосо 5 жылга эркинен ажыратылышы мүмкүн экендиги жазылат.

Окуянын чоо-жайын тактоо үчүн Кыргыз өлкөсүнүн Орусиядагы Элчилигинин маалымат кызматына кайрылганыбызда, алар бул иш тууралуу маалымат алып жаткандыгын жана жакынкы арада толук маалымат бериле турганын билдиришти.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (28)
Shumkar06
2018-09-18 11:36:03
ХХХХХХХ еле жургулочу мекендендештерим
+3
admin_superstan
2018-09-18 12:15:59
Shumkar06, nemo2016, romaantik,
Этика нормаларын сактагыла! Эскертүү!
-1
gulmira12345
2018-09-18 12:13:32
Кыргыздар только терс каарман болуп алыштыго
+8
Alixan-Nookat.2015
2018-09-18 12:25:53
10 жылга кесип салгыла дагы жакшы адамгерчилик кылып үйүнө чейин барыптыр.
+6
adi_ko.kg
2018-09-18 12:41:05
Москвадагыларга кыйын болот эми
+2
March26
2018-09-18 12:52:04
Тооба кылдым эмне деген жапайычылык ,жакшылык жакпайт та бизге!!!
+5
jake91
2018-09-18 12:57:12
Уже кармады отделениеда отурабыз.
Момун Мусулман бир Тугандарым емне болуп атабыз,аман есен Кыргызстанга кетеличи.
+4
Gulnyr19
2018-09-18 13:44:52
Ушуга окшогон мите курттардын айынан канча бейкүнөө адамдар жабыр тартат өзүңөрдү баса албасаңар үйүңөрдө эле отургулачы мекендештер жазайын десең сөз көп
+3
nelli
2018-09-18 16:02:09
Кыргыздар иттей эле кутурду го. Копкондук! Жалан гана ушуга окшогондор курттап атышат. Кыргыздар шылдын болуп буттук.Же оздору тынч журушпойт,же тынч жургондорго зыянын тийгизет....
+3
kolyn
2018-09-18 16:57:59
Жер басып жүргөн асвальт басканда кутурат болбогула,өпкөңөрдү баскыла,үйүңөргө аман-эсен кайткыла
+2
Apyn8793
2018-09-18 20:31:01
5 жылга эмес 25 жылга камасын, ушуга окшогон копкон кыргыздарды, булардын кесепети башкаларга тийип атат.
+2
kani-esen
2018-09-18 21:41:10
Булар кыргызстандык [moderated] болуш керек
-1
Elaman_Arypov
2018-09-19 00:17:56
Кайда журсонорда кыргыздар ХХХХХХХ жургулочу
0
ady-88
2018-09-19 01:18:56
Танкалам эй, тажик озбек туугандар кафе клуб жок эле жакшынакай иштеп уйбулосун багып жатат мечитке барып. Кыкендер отто гоптук, Клуб кафелерге туну суутуп койуптурбу бироонун жеринде тынч иштеп уйуно барып алып каалашынча чартанбай тебе бер. Анысы аз келгенсип жапжаш кыз балдар ичип жалжандап жургонуно уяласын. Бизге жакшылык доолот жакпайт экен, патент киргизип ай сайын 5 6 Минден налог толотуп анысы аз келгенсип кр правасы менен иштетпей койсо ойда бир желибиз шариктей эле чыгат элего чиркин
0
nurhan2702
2018-09-19 09:26:02
Озу Москвадагы полиция кызматкерлери мигранттарга аябай орой мамиле жасайт.Ачык эле айтышат "бизди мигранттар багат "-деп .Былтыр менин иним аэропорттун Кире беришинен менттерге кармалып (жон гана шылдындап) коп убакыт кое беришпей самолеттон кала берген .Аны угуп мен деле ХХХХХ ХХХХХХ
0
Дарыгер
2018-09-19 11:23:05
Элчилике кайрылсак маалыматалып жатабыз дейби??? Элчилик силерден угуп жатса керек. Элчилик мекендештерди карап койбойт. Эч качан! Пока полный состав алмашмайын
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан