Чечен Республикасында Сирияда согушка катышкан 3 жаран жок кылынды. Бул тууралуу орусиялык басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, 16-сентябрь күнү кечинде Ингушетия менен Чечен Республикасынын чек арасына жакын аймакта Орус гвардиясынын күч түзүмдөрү менен радикалдык кыймылдын мүчөлөрүнүн ортосунда кагылышуу болгон. Кагылышуунун жыйынтыгында уюшкан кылмыштуу топтун 3 мүчөсү жок кылынган. Күч түзүмдөрүнөн жабыркагандар болгон эмес.
Окуя катталган жерди тинтүү учурунда колго жасалган жарылуучу зат, 3 Калашников автоматы, 3 уктоочу мүшөк, тамак-аштар жана дары-дармектер табылган.
Жок кылынган адамдын аты-жөнү такталып, алардын Сириядагы кагылышууларга катышкандыгы белгилүү болгон. Алар 1983-жылы Кабардино-Балкарияда туулган Хажиев Анатолий Абдырахманович, 1992-жылы Ингушетия Республикасында туулган Алероев Мовсар Алаудиевич жана 1986-жылы Ош облусунда туулган Кочкаров Османжон Журабаевич экендиги аныкталган.