Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарындагы митингчилер Бишкек-Каракол унаа жолун кайрадан тосуп алышты. Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБинин басма сөз кызматынын башчысы Сталбек Усубакунов билдирди. “Митингчилер шаардык сейил бак тараптан өтүүчү жолду жаап алышкан. Кармалган 4 баланы коё берүүнү талап кылышууда. Учурда түшүндүрүү иштери жүрүп, жолду ачуу аракети болуп жатат. Ал жерде болжол менен 200гө чукул адам турат”,- деди ал. Эске сала кетсек, укук коргоо органдары менен милиция кызматкерлеринин ортосунда 30-июнда чыккан уруштан соң 2-июлда 4 бала убактылуу кармоочу жайга камалган. Бүгүн, 3-июлда аталган шаар тургундары жолду жаап, сүйлөшүүлөрдөн соң кайра ачышкан эле.