Бүгүн күрөш боюнча жаштар арасындагы Дүйнө чемпиондугу уланып, дагы 2 кыргыз балбан килем үстүндө күчүн сынайт

Бүгүн, 18-сентябрда Словакиянын Транава шаарында грек-рим күрөшү боюнча жаштар арасындагы Дүйнө чемпиондугунун 2-мелдеш күнү орун алат. Анда Кыргыз өлкөсүнөн 2 балбан килем үстүндө күч сынайт.

Аталган мелдеште бүгүн Илим Билимов жана Ильгиз Билимов алгачкы беттештерин өткөрсө, кечээ бардык атаандаштарын утуп финалга аттанган Эрбол Бакиров алтын медаль үчүн күрөшөт. Ошондой эле жарым финалда жеңилүү ызасын тартып калган Нуртазин Керимберди уулу коло медаль үчүн күрөшүп, чейрек финалда утулуп калган Акжол Махмудов көңүл жубатуучу раундда жеңишке жетип, коло медаль үчүн күрөшкөнгө мүмкүнчүлүк алганга аракет кылат.

18-сентябрда килем үстүнө чыга турган спортчулар:

72 килограммга чейинки салмак ченинде:

1/16 финал: Илим Билимов - Гергели Буерсоели (Словакия);

82 килограммга чейинки салмак ченинде:

1/16 финал: Ильгиз Билимов - Илияс Пагкалидис (Греция);

77 килограммга чейинки салмак ченинде:

Көңүл жубатуучу раунд: Акжол Махмудов - Лука Малетин (Сербия) - Юилана Юилана (Кытай) беттешинин жеңүүчүсү;

55 килограммга чейинки салмак ченинде:

Коло медаль үчүн беттеш: Нуртазин Керимберди уулу - Флорин Тита (Румыния) - Рамаз Силагава (Грузия) - Емин Сефершаев (Орусия) беттештеринин жеңүүчүсү;

63 килограммга чейинки салмак ченинде:

Финал: Эрбол Бакиров - Ахмед Мохамед (Египет).

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан