Мурдагы президент Курманбек Бакиевдин жакын адамы Пайзуллабек Рахмановду 12 жылга эркинен ажыратуу өкүмү чыкты. Мындай өкүмдү Биринчи Май райондук сотунун судьясы Абдыразак Боромбаев бүгүн, 3-июлдагы соттук отурумда чыгарды. Пайзуллабек Рахманов "Ноокат районунун 80 жылдыгына карата “Ноокатым - менин ооматым” марафонунда Мамлекеттик материалдык резерв фондунун эсебинен Ноокат райондук администрациянын эсебине мыйзамсыз түрдө 200 000 сом которгон" жана "2010-жылдын апрель айында Жалал-Абад облусундагы баш аламандыкты уюштурган" деп айыпталууда. Бүгүн соттук отурумда анын мурда сот жообуна тартылбаганын эске алуу менен 12 жылга эркинен ажыратып, күчөтүлгөн тартиптеги колонияда жаза өтөө чечими кабыл алынды.