Бүгүн, 18-сентябрда Словакиянын Транава шаарында грек-рим күрөшү боюнча жаштар арасындагы Дүйнө чемпиондугу өтүүдө. Анда кыргыз балбаны Акжол Махмудов көңүл жубатуучу раундда күч сынашты.
Ал 77 килограммга чейинки салмак ченинде күрөшүп, кечээ, 17-сентябрда чейрек финалда орусиялык балбанга жеңилип калган. Орусиялык балбан финалга өтүп, Махмудов көңүл жубатуучу раундда күч сынашканга мүмкүнчүлүк алды. Анда Акжол Махмудов кытайлык Юилана Юилана менен кездешип, беттештин 2-бөлүгүндө эсеп санын 9:1ге жеткирип жеңишке жетти.
Эми Акжол Махмудов коло медаль үчүн күрөшүп, анда АКШлык Камал Амир Бейге каршы турат.
Айта кетсек, АКШлык балбан менен Акжол Махмудов 2017-жылы жаштар арасындагы Дүйнө чемпиондугунун финалында кез келип, Акжол Махмудов жеңилүү ызасын тартып калган. Эми ал өч алууга аракеттенет.