Күрөш боюнча жаштар арасындагы Дүйнө чемпиондугу: Ильгиз Билимов атаандашын утуп жарым чейрек финалга чыкты

Бүгүн, 18-сентябрда Словакиянын Транава шаарында грек-рим күрөшү боюнча жаштар арасындагы Дүйнө чемпиондугунун 2-мелдеш күнү өтүүдө. Анда Кыргыз өлкөсүнөн 2 балбан килем үстүндө күч сынашууда.

82 килограммга чейинки салмак ченинде Кыргыз өлкөсүнөн Ильгиз Билимов катышып, 1/16 финалда грециялык Илияс Пагкалидис менен кездешти. Беттештин жыйынтыгында Ильгиз Билимов 2:1 эсебин сактап калып, жеңишке жетти. Муну менен Билимов жарым чейрек финалга аттанып, анда грузиялык Айвенго Рикадзе менен кездешет.

Айта кетсек, 22 килограммга чейинки салмак ченинде Кыргыз өлкөсүнөн Илим Билимов алгачкы атаандашын утуп жарым чейрек финалга чыккан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан