Бишкектин 7-кичи районундагы көп кабаттуу үйлөрдүн биринин жанынан жансыз абалда табылган кыздын аты-жөнү тактала элек. Бул тууралуу бүгүн, 18-сентябрда SUPER.KG'ге Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти.
"Учурда тиешелүү иш-чаралар жүргүзүлүүдө. Ыкчам топ териштирүү иштерин жүргүзүүдө. Каза болгон кыздын аты-жөнү тактала элек", - деп билдиришти басма сөз кызматынан.
Айта кетсек, бүгүн саат 7:15 чамаларында 7-кичи райондогу үйлөрдүн биринин жанынан жаш кыздын жансыз денеси табылган. Маркум азиат түспөлүндөгү 20-25 жаштагы кыз экени айтылган.