18-сентябрь күнү таңга жуук Бишкекте жаш кыздын жансыз денеси табылган эле. Ал 7-кабаттын чатырынан секирип каза болгонун SUPER.KG порталына Бишкек ШИИББинин башчысы билдирди.
Азырынча маркум кыздын аты-жөнү тактала электиги айтылды.
"Кыздын аты-жөнүн тактоого аракет кылып жатабыз. Жанынан телефону жана "Мен чарчадым" деп жазылган кат табылган. Учурда иликтөө иштери уланууда", - деп кабарлашты шаардык милициядан.
Болжолдуу түрдө 20-25 жаштагы азиат түспөлүндөгү кыздын жансыз денеси 18-сентябрь күнү таңкы саат 7:15 чамаларында 7-кичи райондогу үйлөрдүн биринин жанынан табылган. Октябрь РИИБинин ыкчам тобу айтылган дарекке барып, тергөө ишин баштаган.