"Мени милиция кызматкерлери кыйнады" деп айыптап жаткан жаран кылмыштуу топтун мүчөсү эмес экендигин билдирди

"Мени милиция кызматкерлери кыйнады" деп милиция кызматкерлерин айыптаган жаран окуянын чоо-жайын айтып берди. Уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү делген Арсен Жумабеков жактоочусу менен биргеликте бул боюнча төмөндөгүлөрдү билдиришти.

"Жабырлануучу А.Жумабеков соттук системдин курмандыгы болгон. Ал кылмыштуу топтун мүчөсү эмес, каттоодо да турган эмес. Бизде мыйзам бар, соттун чечими менен гана кылмыштуу топтун мүчөсү деп айтууга мүмкүн. Бирок андай далилдер жок", - деп билдирди жабырлануучунун жактоочусу Назира Абдумуминова.

"3-сентябрь күнү мага Ильяс Жабдалов аттуу милиция кызматкеринен "Мага таарынба" деген билдирүү келди. 1 сааттан кийин мага аймактык тескөөчү чалды. Ал мени сөгүп, чоң дүкөндөрдүн биринин жанына кел деп айтты. Мен ал жакка аялым менен баргам. Кийин кара түстөгү Мерседес-Бенц үлгүсүндөгү унаага салып милиция бөлүмүнө алып барышты. Жолдон мени ур-токмокко алып, 3 жолу муунтушту. Милиция бөлүмүндө отурганымда мага Ильяс келип, "Азия Молл" дүкөнүнүн жанында чөнтөгүмдө жардыруучу зат салып алып жүргөм" деп түшүнүк кат жаз деди. Мен жазбайм десем, кайра сабашты. Бул учурда аялым милицияга чалып мени кишилер салып кеткенин айткан экен. Менин артымдан Октябрь РИИБинин кызматкерлери издеп келди. Үйгө келгенде бул тууралуу атама билдирдим, экөөбүз Улуттук госпиталга барып, медициналык экспертизадан өттүм. Эртеси күнү прокуратурага барып арыз жазгам", - деди Жумабеков.

Кримтөбөлдөр менен бирге түшкөн сүрөтү тууралуу жабырлануучу алар менен №47-абакта бирге отурганын айтты. "Жумабеков абакта отурганда бир нече жыл кримтөбөлдөр менен бир камерада отурган. Бирок ал кылмыштуу топтун мүчөсү эмес", - деп кошумчалады жактоочу.

Ал эми айыпталып жаткан милиция кызматкерлеринин жактоочусу Майрам Балтабаева кечээ өткөн маалымат жыйынында Жумабеков милиция бөлүмүнөн ур-токмокко алынбаганын, далилдөөчү сүрөт жана видеолор бар экенин билдирген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан