Бокс боюнча дүйнөнүн мурунку чемпиону Владимир Кличко эми Гарвард университетинде сабак берет

Бокс боюнча дүйнөнүн мурунку чемпиону Владимир Кличко эми АКШдагы Гарвард университетинде сабак берет. Бул тууралуу басылмалардын бирине анын бир тууганы Виталий Кличко билдирген.

"Владимир Кличко абдан мыкты менеджер. Мындан улам 3-4 жылдан бери Швейцариядагы Санкт-Галлен университетинде лекция окуйт. Бул жылы Гарвард университетинде лекция окууга сунуш түшүп, ал макулдугун берди", - деген Виталий Кличко.

Айта кетсек, эки бир тууган тең бокс боюнча дүйнөнүн мурунку чемпиондору. Виталий Кличко 2014-жылы Киев шаарынын мэри болсо, Владимир Кличко 2017-жылы Тайсон Фьюри жана Энтони Жошуадан катары менен жеңилип, карьерасын жыйынтыктаган. Жалпы 64 жолу жеңишке жетип, 5 жолу жеңилүү ызасын тарткан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
admin_superstan
2018-09-20 09:13:13
Frunze2,
Темадан алыс билдирүү жазууга тыюу салынат! Эскертүү!
-1
bond02
2018-09-20 09:27:41
Кыздар эми ырдайт экен да эхх боксер агай деп.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан