3-июлда Кыргызстанда 22 өрт кырсыгы катталганын ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди. Бишкекте 5, Чүй облусунда 7, Жалал-Абад облусунда 4, Ош облусунда 4, Баткен облусунда 2 тилсиз жоо орун алган. Борбор шаардын Арча-Бешик жаңы конушунда Тойота РАФ-4 үлгүсүндөгү автоунаа күйүп кеткен, учурда кырсыктын келип чыгуу себептери такталууда. Мындан башка өлкө боюнча 3 автоунаа күйүп кеткен.