Чемпиондор Лигасында алгачкы жолу Кыргыз жеринде туулган футболчу оюнга чыкты

Чемпиондор Лигасынын негизги бөлүгүндө алгачкы жолу Кыргыз жеринде туулган футболчу оюнга чыкты.

19-сентябрдан 20-сентябрга караган түнү Чемпиондор Лигасынын топтук этабында чехиялык "Виктория" клубу орусиялык "ЦСКА" клубун кабыл алды. Оюндун 46-мүнөтүндө "ЦСКАнын" курамында алмашуу болуп, Дмитрий Ефремовдун ордуна Кыргыз жеринде туулган жарым коргоочу Ильзат Ахметов талаага чыкты.

Биринчи бөлүктүн жыйынтыгында, "ЦСКА" 2:0 эсебинде жеңилип жаткан. Ахметов оюнга чыккандан кийин москвалык клуб активдүү оюн көрсөтүп, 49-мүнөттө эсепти 1:2ге айланта алды. Оюндун 85-мүнөтүндө Ильзат Ахметовдун узаткан соккусу Тимур Жамалетдиновдун бутуна тийип, андан соң атаандаштын дарбазасынан орун алды. Бирок айып аянтчада эреже бузулду деп эсептеген башкы калыс голду эсептеген жок.

Ага карабай "ЦСКА" 95-мүнөттө 11 метрлик айып аянтчасынан гол жаратып, оюн 2:2 эсеби менен жыйынтыкталды.

Оюндан кийин Ильзат Ахметов орусиялык телеканалдардын бирине пикирин билдирип, жеңишке бир кадам жетпей калганын белгиледи.

"Оюндун жүрүшүнөн улам тең чыгуу биз үчүн артыкчылык болду десек болот. Утулуп жаткан учурда гол киргизүү абдан кыйын. Бирок биз эсепти теңеп, өзүбүздүн мүнөзүбүздү көргөзө алдык. Балким, биз жеңишке татыктуу ойной албаганыбыз үчүн тең чыгуу болду. Алдыңкы оюндардан мындан жакшы ойноп, машыктыруучунун айткандарын толугу менен аткарууга аракет кылабыз", - деди Ахметов.

Ильзат Ахметов 1997-жылы Бишкек шаарында туулган. 2014-жылга чейин казандык "Рубин" клубунун ар кайсы жаш курактагы резервдик командаларында ойногон. 16 жашында "Рубиндин" негизги курамында оюнга чыгып, казандык клубдун негизги курамында ойногон эң жаш оюнчу аталган. 2018-жылдын июль айында "ЦСКА" клубу менен 4 жылдык келишим түзүп, жаңы сезондо москвалык клубдун курамында 7 оюн өткөргөн.

"Виктория"-"ЦСКА"
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (12)
Sabette
2018-09-20 11:42:57
Кыргызстандын жараныбы жээ Кыргызстанда туулган орусбу!?
-4
tatum67
2018-09-20 11:48:53
Sabette,Кыргыз жеринде туулуп өскөн, азыр Орусиянын жараны. Аты Ильзат Ахметов экен демек орус эмес.
+3
Moscow000
2018-09-20 12:22:46
Буга чейин Азамат Байматов ойногон деп жазып чыкпадынар беле супер инфо....
-4
jugorsk
2018-09-20 12:28:36
Moscow000, Азамат Байматов алгачкы кыргыз жигити лига чемпионовко ойногон
-5
Spartak0001
2018-09-20 13:02:28
Moscow000,jugorsk,Азамат Байматов тандап алуу оюндарында ойногон. Ахметов группалык баскычта алгачкы жолу ойноп жатат
+8
jugorsk
2018-09-20 12:24:22
кыргыз эле орустун паспортун алып эми сборный россиягада ойногону жатат
+5
warcaw
2018-09-20 14:47:46
Эки өлкөнүн жараны
-4
Taalai94
2018-09-20 23:15:52
Баягы Эрбол жонундода маалымат чыгарып койгулачы супер инфо?
+2
Ermekdream
2018-09-21 02:22:04
Эрбол Атабаев азыр да Барсанын курамында ойнойбу же башка клуб менен келишим туздубу
-1
expert.007
2018-09-21 02:39:43
Азаматсың Ильзат. Азыр ЦСКА нын ишенген оюнчусу Ильзат болуп атат. Дайым жеңилип жаткан дегенде Ильзат кирип абалды түзөп кетип атат
+2
Kychtyy
2018-09-21 07:59:26
Биздин курамга келип ойеоп пайдасын тийгизбегенден кийин биздин жерде туулган кыргыз деп коколотуп неге кереги бар. Хотя жакшы полузашитник экен кыргыз курамга кошулса азия 2019 жакшы оюн корсотмокбуз кытай кореяга каршы. Биздин федерация суйлошту бекен ал менен озу кыргыз курамга кел деп
+3
Merch
2018-09-21 10:31:54
Кебетеси кыргызга окшобойт, татар окшойт өзү.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан