3-июлда Бишкек шаарынын 26 жаштагы С.Н. аттуу тургуну милиция кызматкерлерине арыз менен кайрылып, Мирлан аттуу чала тааныш адам күч колдонуп зордуктаганын айткан. Арыздын негизинде түнкү көчө милиция бөлүмүнүн кызматкерлери кылмышка шектүү 2 жаранды кармашты. Алар 1991-жылы туулган А.Ж. жана 1990-жылы туулган Б.А. аттуу Бишкек шаарынын тургундары. Учурда тергөө иштери жүрүүдө.