20-сентябрга караган түнү Европадагы эң беделдүү мелдеш - Чемпиондор Лигасынын 1-туру жыйынтыкталды. Анда 2-мелдеш күнү оюн талаасында 4 тайпадагы 16 команданын беттеши орун алды.
"Аякс"-"АЕК"
1-турдун 2-бөлүгүндө алгач "Аякс"-"АЕК" командалары кез келди. Голландиялык "Аякс" футболдук клубу өз талаасында грециялык "АЕК" командасын кабыл алды. Беттештин 1-таймында "Аякс" гол киргизгенге бир топ мүмкүнчүлүккө ээ болгону менен, аларга ийгилик жылмайган жок. 2-таймдын башында Николас Тальяфико эсеп санын ачып, 77-мүнөттө Донни ван де Бек эсеп санын 2:0гө айлантты. 90-мүнөттө Николас Тальяфико кайрадан айырмаланып эсеп санын 3:0гө жеткирди. Муну менен "Аякс" алгачкы 3 упайын алып, "Е" тайпасында 1-орунга көтөрүлдү.
"Шахтёр Донецк"-"Хоффенхайм"
Украиналык "Шахтёр Донецк" "Металлист" спорт комплексинде германиялык "Хоффенхаймды" тосуп алды. Беттештин жүрүшүндө германиялык команда эсеп санын 6-мүнөттө эле ачканга жетишти. Флориан Гриллитч өнөктөшү менен пасташып, айып аянтчадан сокку узатып, дарбазачыга тосуп алганга мүмкүнчүлүк берген жок. "Шахтёр" 27-мүнөттө Исмаилинин голу менен жооп кайтарса, 38-мүнөттө Хоффенхаймдын оюнчусу Ховард Нордтвейт кайрадан командасын алдыга чыгарып кетти. 81-мүнөттө Шахтёрдун жарым коргоочусу Майкон де Андраде гол киргизгенге жарап, командасын жеңилүүдөн сактап калды. Муну менен командалар 1 упайдан алып, өз тайпасында 2-орунду талашууда.
"Реал Мадрид"-"Рома"
Учурдагы Чемпиондор Лигасынын чемпиону "Реал Мадрид" өз талаасында италиялык "Романы" кабыл алды. "Реалдын" футболчулары атаандашына мүмкүнчүлүк бербей 3:0 эсебинде утуп алганга жетишти. 45-мүнөттө Иско эсеп санын ачты. Анын айып соккудан аткарылган соккусу таамай болуп, дарбазачы тосуп алганга үлгүргөн жок. 58-мүнөттө Гарет Бейл чеберчилигин көрсөтүп, Модричтин чыгарып берүүсүнө ылдамдык менен жетип гол жаратты. Беттештин акыркы мүнөттөрүндө 7-катар санындагы футболканын ээси Мариано Диас айып аянтчанын сыртынан сокку узатып, эсеп санын 3:0 кылып кетти. Бул жеңиш менен "Реал Мадрид" 3 упай алып, "G" тайпасынын сап башына көтөрүлдү.
"Валенсия"-"Ювентус"
Криштиану Роналдунун жаңы клубу Чемпиондор Лигасынын алгачкы беттешинде конокто испаниялык "Валенсия" менен кездешти. Бул беттеш Криштиану Роналду үчүн жаман түштөрдүн бири болду деп айтууга болот. Криштиану Роналду 29-мүнөттө оюн эрежесин бузуп калыстын кызыл айып кагазына туш болуп, оюн талаасын көзүнө жаш ала таштап кетти. "Ювентус" оюндан четтетилген Роналдусуз деле оюн жүргүзө аларын көрсөтүп "Валенсияны" 2:0 эсеби менен утуп алды. Анда Миралем Пьянич 45-мүнөттө жана 51-мүнөттө пенальти аткарууга мүмкүнчүлүк алып, аны ийгиликтүү аткарды. "Ювентус" 2:0 эсеби менен жеңишке жетип, алгачкы 3 упайын алды. Кызыл айып кагазын алган Криштиану Роналду Чемпиондор Лигасынын алкагындагы кийинки беттешке чыкпайт.
"Манчестер Сити"-"Лион"
Манчестер шаарында АПЛдин учурдагы чемпиону "Манчестер Сити" франциялык "Лион" менен ойноду. "Лион" бул беттеште татыктуу оюн көрсөтүп "Ситини" 2:1 эсебинде утуп алды. 26-мүнөттө Максвел Корне эсеп санын ачса, 43-мүнөттө Набил Фекир коргоочулардан өтүп таамай соккусу менен эсепти 2:0 кылды. Буга англиялык команда 67-мүнөттө Бернарду Сильванын голу менен жооп берди. Муну менен "Лион" тайпадагы эң кооптуу атаандашын утуп алып, 3 упайга ээ болду.
"Бенфика"-"Бавария"
Португалиялык "Бенфика" Германиянын "Бавария" клубун "Да Луш" стадионунда тосуп алды. Коноктор эсеп санын 10-мүнөттө ачты. Роберт Левандовски Давид Алабанын чыгарып берүүсүнөн кийин коргоочуну алдап дарбазанын сол бурчуна таамай сокку узатты. 54-мүнөттө "Бавария" эсеп санын 2:0 кылды. Ренату Саншеш Хамес Родригестин чыгарып берүүсүнөн кийин айырмаланганга жетишти. Муну менен "Бавария" "Е" тайпасынын 2-сабында жайгашты. 1-орунда "Аякс" клубу бар.
"Янг Бойз"-"Манчестер Юнайтед"
Швейцариянын Берн шаарында жергиликтүү "Янг Бойз" ангиялык "Манчестер Юнайтед" менен ойноду. Беттештин жүрүшүндө "Янг Бойз" мыкты оюн көрсөткөнү менен "Манчестер Юнайтед" командасын ута алган жок. Жыйынтыгында "МЮ" 3:0 эсеби менен жеңишке жетти. 35-мүнөттө Поль Погба эсеп санын ачса, 44-мүнөттө Погба пенальтиден эсепти 2:0 кылды. 66-мүнөттө Антони Марсияль эсепти 3:0 кылып чекит койду. Муну менен "МЮ" 3 упайын алып, "Н" тайпасынын сап башына көтөрүлдү.
"Виктория Пльзень"-"ЦСКА"
Орусиялык "ЦСКА" Чехиянын Пльзень шаарына барып жергиликтүү "Виктория" клубу менен беттешти. Беттештин 1-таймында "Викториянын" оюнчулары эсеп санын 2:0 кылганга жетишкен. Михаэл Крменчик 29-мүнөттө эсеп санын ачып, 41-мүнөттө эсепти 2:0 кылган. Буга "ЦСКА" 49-мүнөттө Фёдор Чаловдун голу менен жооп кайтарып, беттештин акыркы мүнөттөрүндө дагы 3 гол киргизген, бирок анын ичинен 2 гол эреже бузуулар менен коштолуп эсепке алынган жок. Жыйынтыгында беттеш 2:2 эсеби менен аяктап, командалар 1 упайдан алышты.