Өлкө боюнча бир сутканын ичинде 25 өрт кырсыгы катталды. Бул тууралуу бүгүн, 20-сентябрда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалым болгондой, Бишкек шаарында 3, Чүй облусунда 7, Ош облусунда 4, Ош шаарында 1, Талас облусунда 1, Нарын облусунда 1, Жалал-Абадда 3, Ысык-Көл облусунда 5 өрт кырсыгы катталган.
Мындан тышкары Ысык-Ата районуна караштуу Төмөнкү-Серофимовка айылындагы үйлөрдүн биринде өрт кырсыгы катталган. Анда короодогу сарайдын 80 чарчы метр чатыры, 30 түк чөп жана тезектер күйүп кетти. Учурда өрттүн келип чыгуу себеби такталууда.