Бүгүн, 20-сентябрда Азербайжандын Баку шаарында дзюдо боюнча Дүйнө чемпиондугу старт алды. Мелдештин алгачкы күнүндө спортчулар 2 салмак ченинде күч сынашууда.
60 килограммга чейинки салмак ченинде Кыргыз өлкөсүнөн Отар Бестаев менен Баяман Сагынбай уулу килем үстүнө чыгышты.
Отар Бестаев 1/32 финалда күч сынашып баштап, словениялык Матжяз Трбович менен кездешти. Беттештин жүрүшүндө Бестаев 1 упайга ээ болуп, 1:0 эсеби менен жеңишке жетти. Муну менен Отар Бестаев 1/16 финалга аттанып, анда өзбекстандык Шаруффидин Лутфиллаев менен кездешет.
Ал эми Баяман Сагынбай уулу алгачкы беттешинде молдовалык Миху Дорин менен күрөшүп, тилекке каршы, жеңилип калды.