Бүгүн, 20-сентябрда Азербайжандын Баку шаарында дзюдо боюнча Дүйнө чемпиондугу старт алды. Мелдештин алгачкы күнүндө спортчулар 2 салмак ченинде күч сынашууда.
60 килограммга чейинки салмак ченинде Кыргыз өлкөсүнөн Отар Бестаев менен Баяман Сагынбай уулу килем үстүнө чыгышты.
Отар Бестаев 1/16 финалда өзбекстандык Шаруффидин Лутфиллаев менен кез келди. Беттештин жыйынтыгында Отар Бестаев 1:0 эсеби менен жеңишке жете алды. Муну менен Отар Бестаев жарым чейрек финалга аттанып, анда кореялык Херим Ли менен күч сынашат.
Буга чейин Бестаев 1/32 финалда словениялык Матжяз Трбовичти 1:0 эсеби менен утуп алган.
Ал эми Баяман Сагынбай уулу алгачкы беттешинде молдовалык Миху Доринге утулуп калган.