Дзюдо боюнча Дүйнө чемпиондугу: Отар Бестаев жарым чейрек финалда жеңилүү ызасын тартып калды

Бүгүн, 20-сентябрда Азербайжандын Баку шаарында дзюдо боюнча Дүйнө чемпиондугу старт алды. Мелдештин алгачкы күнүндө спортчулар 2 салмак ченинде күч сынашууда.

60 килограммга чейинки салмак ченинде Кыргыз өлкөсүнөн Отар Бестаев менен Баяман Сагынбай уулу килем үстүнө чыгышты.

Отар Бестаев жарым чейрек финалда кореялык Херим Ли менен кездешти. Беттештин жүрүшүндө Отар Бестаев 3 жолу эскертүү алып, жеңиш кореялык дзюдочуга ыйгарылды.

Муну менен Отар Бестаев медалдар үчүн күрөшүүнү токтотту. Буга чейин Бестаев өзбекстандык жана словениялык дзюдочуларды утуп алган.

Ошондой эле Баяман Сагынбай уулу алгачкы беттешинде молдовалык Миху Доринге утулуп калган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан